Айгүл гүлүн үзгөн жаран ар бир гүл үчүн 300 сомдон айып төлөйт

Айгүл гүлүнүн үзүлүшү боюнча иликтөө иштеринин жыйынтыгы Баткен райондук токой чарбачылыгына өткөрүлгөнүн Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 20-майда SUPER.KG порталына кабарлады:

"Иликтөө иштери аяктаган. Жыйынтыгы Баткен райондук токой чарбачылыгына өткөрүлгөн. Жаранга кандай чара көрүлөрүн алар аныкташат", - дешти басма сөз кызматынан.

Баткен аймактык чөйрөнү коргоо жана токой-чарба башкармалыгынын башчысы Саидибрагим Сейитказиевдин маалыматына ылайык, гүлдөрдү үзүп, сүрөткө түшкөн Динара Калбекова ар бир гүл үчүн 300 сомдон төлөйт.

"Окуя 2013-жылы колотто болгону аныкталды. Колот биздин карамагыбызда эмес. Эгер биздин токойлордун аймагында болгондо, кызматкерлерибиз дароо көрүшмөк, акт түзүлүп, чара көрүлмөк. Эми ага болгону ар бир гүл үчүн 300 сом айып салынат. Ички иштер башкармалыгынын берген маалыматы боюнча, гүлдү үзгөн жаран табылбаптыр. Ал 2015-жылы Орусияга кетиптир", - деди Саидибрагим Сейитказиев.

Ошондой эле башкармалыктын башчысы токой аймагы 2015-жылы Экологиялык агенттигинин колдоосу менен тосулуп, көзөмөлдөнүүдө.

"Бул окуя коомчулукка жайылып, чуу жаратканы бир жагынан жакшы болду. Жарандар айгүл гүлүн үзбөө керектигинен кабар алышты. Оң таасир берет деген ойдомун. Азыр да токойдо 2-3 гүлдү үзүп жиберишкен учурлар катталат, бирок чанда гана. Мурдагыга караганда мындай фактылар бир топ азайды", - деп кошумчалады Сейитказиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
frunze12
2017-05-20 11:34:20
300 сом айып аз акча, анткени 300 эле сом экен штраф деп эртен башкалары да узушу мумкун. Ар бир даана гулго 5000 сомдон штраф киргизгиле да, узулгон гулдун саны 10дон ашса ошол сумманы 5 эселеп кобойткуло. Ошондо гул узууну самагандар гул узоордо жети оййлонуп анан бир чечимге келет...

Ал эми узгон кызды чек ара кызматы "кара тизмеге" киргизип койсун, Кыргызстанга самолет мененби, машина мененби кирип келгенде кармалып СИЗОго алып барылсын. Качан 250мин тологондо кое бери
+16
ekaterinburg
2017-05-20 11:54:06
frunze12,ото эле"жестокийсин"го...Болот ошол эле!Ар бир гулго 300 сомдон азбы?Салгыла тиги чиновниктерге штрафты!Машинесин туура эмес коюп койгондорго,мас абалда унаа айдагандарга.
-2
frunze12
2017-05-20 12:25:05
ekaterinburg, бул акча менен казына байысын деген максатта жазбадым, башка эч ким гул жулууга батынбасын деп жаздым. Мисалы сен досторун менен ошол жерге бардын, 3 гул уздунор да суротко туштунор, кеч уйуно алып кайттын, ойлодун да 3 гулдун штрафы коп болсо 900 сом, толоп койобуз деп...

Эгер ошол 3 гулдун штрафы 15 000 сом болсо, узоордон мурун ойлонмоксун, 15мин сом чон акча, бул акчага гул дукондорунон толтура букет гул сатып алсам болот го деп.. Штраф 5000 сом болсун!
+6
ekaterinburg
2017-05-20 12:35:00
frunze12,азыр геп бул жаш кыз жонундо болуп жатат!Карабайсынбы канча туп гул узуп салганын!Ар бир туп гулго 300 сом деп жазышыптыр!Ошончо гулго 5000 сомдон штраф жазса жаны калабы бул кыздын?Тем более жаш кыз экен!Билбестик,жаштык кылып койду да!Мындан ары узгондорго 5000 сом эмес 10000 сом штраф деп эскертип койгула,туура тушуном.Ошондо эч ким узбойт.А бул жаш кызга болот ошол штраф.Болоор иш болуптур.
+1
frunze12
2017-05-20 12:52:27
ekaterinburg, гулго штраф коломун токой чарба жетекчиси аныктаганы жаман экен, эртен башка жетекчи келип штрафтар 3 сомдон десе эмне болот? Ошол учун Окмот токтом кабыл алып же 120 жепутат атайын мыйзам кабыл алыш керек. Кызыл китепке киргизилген жаныбарларга анчылык кылууга мораторий киргизилсин, мыйзамды бузганда 5-7 жылга камалсын деп. Ал эми кызыл китепке киргизилген осумдукторду жулгандарга ар бир даанасы учун 10мин сом штраф болсун деп. Бул кыз мейли 30мин штраф толосун.
+3
mirbaiza
2017-05-20 13:16:02
frunze12,тагдырына таарынган адам, кимге болсо карасанатайлык кыласың, деги бирөөгө жакшылыгың барбы? бул деле бирөөнүн айдай кызы.
-1
Adi.Avazbekov
2017-05-20 13:41:50
mirbaiza,aidai kyzdyn ХХХ kiiin jaratylyshka zyian keltirtbei kamap salysh kk.
+2
frunze12
2017-05-20 15:02:54
mirbaiza, ошол бироонун айдай кызы ушунча гул узоордон мурун ойлонуш керек эле, мен ишенбейм айгул гулу сейрек гул экенин билбегенине!!! Билген учун Жалал-Абаддан сапар тартып барды да жол журуп...

Эртен бир зоокур бир кызды зордуктап койсо анда аны да айталы "кой муну камабагыла, бул да бироонун айдай уулу, билбей зордуктап коюптур" деп...
+3
Melis2014
2017-05-20 16:52:20
frunze12,карапайм адам 250минди канча жылда табат ХХХ андан коро чиновниктер тура емес иш кылса ошолорго 5 еселеп которуш керек штравты ошондо да оной кутулат баягы еле елди кыйнасынар
-1
ekaterinburg
2017-05-20 11:47:24
Урматтуу Супер-Инфо!Ушундай гулдор жонундо кенири маалымат берип койсонуздар жакшы болмок.Дагы кандай гулдорду узууго мамлекет тыюу салат,эмне касиеттери бар,эмнеси менен бааланышат ж.б.Чындыгында мен билбейт экенмин бул гул жонундо.Айгул гулу деп эле укканмын.Билип алалы да.Узуп алып билбей мынантип жаман атты болбой.Алдын ала ырахмат.
0
frunze12
2017-05-20 12:29:14
ekaterinburg, бул гул Союз убагында эле Кызыл китепке киргизилген, жок болуп бара жаткан жаныбарлар жана осумдуктор катарында. Кыргызстанда Баткенде осот, анда да бардык жеринде эмес. Биздин тилек жоголуп бара жаткан гулду жоготпой сактап калуу. Ошол себептен да бул гулду узууго тыю салынат. Эгер кызгалдакка окшоп бардык жерде жайнап оскондо мамлекет тыю салмак эмес... Кызыл китепке кирген осумдукторду жулуп-узууго, жаныбарларга анчылык кылып олтурууго болбойт!!!!!
+3
admin_portal
2017-05-20 21:14:51
ekaterinburg, сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Sagyn.91
2017-05-20 11:49:45
Кантип билбейт деп тан калып буто албадым да. Бул гул Кыргызстандын бир гана Баткен облусунда гулдоорун, кызыл китепке киргенин, аны узууго болбоорун....

Мейли эми жаштык кылганго менимче. Ар бир Адам адашуучу))
+2
knk
2017-05-20 12:03:19
300 сомдон штраф толоп коюп, Бишкекке алып келип 500 сатып бизнес кылгыла эми.
+3
frunze12
2017-05-20 12:32:32
knk, бизнесмендердин оюнун баары акча, алсам жулсам жесем деген... Ансыз да Акуйдогу "анчылардын" айынан Кызыл Китепке кирген аркар-кулжа, илбирстер кырылып жатат... Аларга анчылык кылууга моратроий киргизууну каалабай жатышат, анткени оздору чыгат анчылыкка, Кыргызстандын бардык алтын-кумушу, жан-жаныбарлары бийликте отургандарга атасынан мурас калгансып...

Эми гул калды эле, колунар жетпеген!!!
+2
altyn7776
2017-05-20 12:08:01
300 сом деп кайсы бмлерман койду? Сатканы эле коюптур да! Атайы барган Адам 300 сом толой албай олуптурбу?! Ушеерде да коррупция бар, Тооба!
+4
BekAmir
2017-05-20 13:20:41
Кулкуну келтиреерлик штраф. Анда эртен баары узот. Кыскасы бир гулду 300 сомдон сатып алса болот экен
+4
mirbaiza
2017-05-20 14:17:55
Ар ким адашат, ар кимде эже, карындаш, кыз бар, ошолрду да бир күн адашпайт деп, ким кепилдик бере алат? революция деген ник менен жүргөн провокаторлорду камаш керек.
-3
dilnaz100284
2017-05-20 14:18:15
эми ал кыз билген эместир да.Аябай чон кылмыш кылгансып,байкушту аябай издешти го.Адам олтуруп коюп деле журушот го.
-5
altyn7776
2017-05-20 15:11:26
Адашат деп УЗО бергиле.. штрафтын эмне кереги бар анда?! Суйлойт десе эле...
+3
altyn7776
2017-05-20 15:25:37
Жаман айтпай жакшы жок дейт элибиз. Кылган куноону моюну менен тартыш керек ар бир жараан. КСДП партиясына го соз жок, Мусабековасын таппай Чак тушто чырак кармап журушот, авиакырсыктагы жуктун ээси табылбады, кырсык болгон жерге Ажо басып баралбайт убагында..Бардак жашоо!
+6
bekmaral
2017-05-20 18:45:15
altyn7776,эмне алардын тортон кулагы барбы же айдан тушкон партиябы
-2
arzygulR
2017-05-21 19:43:03
altyn7776,туура айтасын
0
warrior96
2017-05-20 18:39:12
300 сом болсо гулдун баарысын узуп кетпесин ойлонгула
+1
warrior96
2017-05-20 18:40:23
Кучтуурок чара колдонуш керек гулду кордогондоргоооо
+2
chimpo
2017-05-21 00:08:41
аз го
+1
Kroxa
2017-05-21 07:35:07
Бул кыз канча гул узду ким билет ар бир гулго 300сом дебестен белгилуу олчомдо штраф салып эскертуу берилсин бул жолу,бул кызды жарга такабай,анан эмкиде ким узсо бир гулго 5мин штраф деп койсо болот,ойлонуп иш кылат узбойт ошондо..
+1
raia
2017-05-24 15:44:33
Биз Айгул гулдогондо бардык штраф бир гулго 4000 сом экен.Чындап гул аз санда болгону чын экен.Узгон эмес бут астында тебеленип калгандары да бар экен.Тоо тик болгон учун тушуп баратканда гулдор ордунда сынып жатканын кордук.Гул суйуучулор,кызыкандар коп экен.Асты 80 жашта эне барыптыр Алайдан,60-70 жаштагы энелер аталар да журот,жаштар,балдар адам коп.Корсо коз кубангандай гул экен бирок аз экен.Талкаланып кеткени ич ачыштырат...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан