Биз социалдык тармакта

Баткен районундагы Бужум мектебинде ууланган окуучулардын абалы учурда жакшы

Баткен районунун Бужум айылындагы Бужум мектебинде бир окуучунун тентектигинен ууланган окуучу кыздардын абалы учурда жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 20-майда SUPER.KG`ге аталган мектептин директору Таштемир Тагайбеков билдирди.

"Учурда окуучулардын абалы жакшы. Дарыгерлер дагы бир аз дарылансын деп ооруканада калтырышты. Ал эми тентек кылган окуучуга карата атайын тарбиялык түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт", - дейт Таштемир Тагайбеков.

Белгилей кетсек, 19-майда Баткен облусунун Бужум айылындагы орто мектепте билим алган жети окуучу химиялык затка ууланып, ооруканага түшкөнү белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dastan.bujun
2017-05-20 13:38:34
Менин айылдаштарым го
0
Zhunusov
2017-05-21 00:15:37
Тентек кылган ким эмен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан