Кечээ, 13-майда Ош облусундагы Алай районунун Кең-Жылга айылында жер көчкү түштү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. Айтылгандай, көчкүнүн узундугу 200 метр, туурасы 25 метрди түзөт. Ал эми бул аймакта жашаган адамдарды башка жерге көчүрүү иштери жүрүп жатканы кабарланды. Кырсыктан жабыр тарткандар болгон жок.