Окумуштуулар: "Инстаграм адамдын ден соолугу үчүн эӊ коркунучтуу социалдык тармак"

Популярдуу Инстаграм британиялык окумуштуулар тарабынан адамдын ден соолугу үчүн эӊ коркунучтуу социалдык тармак деп табылганын "Sky News" басылмасы жазып чыкты.

YouTube, Instagram, Snapchat, Facebook жана Twitter`дин жаштардын психикалык ден соолугуна тийгизген таасирин изилдеген окумуштуулар "Өспүрүмдөр социалдык тармактардын айынан улам бактысыз болуп баратышат" деген жыйынтыкка келишкен.

Алар 14-24 жаштагы 1479 адамдан сурамжылоо жүргүзүшкөн. Изилдөө көрсөткөндөй, жаштар YouTube, андан кийин Twitter жана Facebook`ду колдонгонду жактырышары айтылат. Баарынан да өз колдонуучуларына терс таасир Instagram жана Snapchat тийгизери белгилүү болгон.

Окумуштуулар социалдык тармакка көнүп калуу жаштар үчүн тамеки менен алкоголдук ичимдиктерден да коркунучтуу экенин билдиришүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
maku88
2017-05-20 13:07:52
Саламатсыздарбы Супер Инфо мен быйыл Чон окуу жайга тапшырып жатым эле Университет жонундо маалымат бере кетпейсизерби быйылкы абитуриенттерге пайдасы тийсе керек миаслы кандай жолдор менен контрактка же бюджетке кандай жолдор менен бассы канча контракт
+4
Tyty1990
2017-05-20 13:30:11
maku88,өзүң барып сура ар универден
-1
Adi.Avazbekov
2017-05-20 13:36:37
Tyty1990,internetten karasa chygat baary. Uwundai zamanda kim univerge baryp suramak ele
+4
akil.91
2017-05-20 14:05:02
Adi.Avazbekov,
Бирок Кыргызстан жонундо кандай любой нерсени даже коп нерсени табуу кыйын интернеттен.
+7
akil.91
2017-05-20 16:39:46
akil.91,
Лично мен чет жерде болгондуктан улам издеп турам Кыргызстан жонундо. Тилеке каршы издегенимдин баарын таба албай журом
+1
Patriot7
2017-05-20 15:48:33
Adi.Avazbekov, интернетте бардык маалымат боло бербейт. Интернеттен да кароо керек, кайсы универге тапшыргын келсе ошол университеттин озуно барып оздорунон да сура. Анан да ошол жерде окуган студенттерден, ошондо толугурак маалыматка ээ болосун (суроо салган адамга).
+1
aibars
2017-05-20 13:55:36
maku88, ЖОЖго тапшырып жаткан, орто билимдуу окууну аяктап жаткан окуучунун жазганы. Сага караганда 4- класстын окуучусу катасыз жаза алат. Мектептен утур, чекит, илеп белгилерин окуган жок белен?
+3
Ulan2601
2017-05-20 14:39:24
aibars,Озун эле бир нерсени кыйратып аткандай жаза бербе
+5
aibars
2017-05-20 14:52:25
Ulan2601, Сен мага эле асылып алдында, ката жазып жатса айтасында жогоркуу окуу жайга тапшырып жаткан баланын.
-2
maku88
2017-05-20 14:56:58
aibars,хаха сага окшогондор жакпайтта
+2
aibars
2017-05-20 15:16:36
maku88, Сага кенешим, озуно жаккан Университеттердин жана факультеттердин тизмесин жазып алып убакыт таап кыдырып чык.
Барып суйлошуп кор, ошол жерде иштегендерге туз суроонду бер.
Интернеттен бир беткей жазылат ар дайым. Жакшылап ойлон сага кайсы окуу чынында сага жагат. Ар кимдин пикирин ук бирок чечимди озун чыгар. Жакшылап ойлон, терен ойлон. Кийин сага жакпай калбашы керек. Эгер кенениреек билгин келсе личкага отсон билгендеримди тушундуруп берем.
+2
aibars
2017-05-20 14:58:34
Ulan2601, Улан ичин куйуп жатабы? Мен кылгандын бирин дагы кыла албайсын. Ич куйдулук бул эн жаман нерсе. Ошон учун озунду колго ал сабыр кыл, баары жакшы болот. Ичин куйбосун эч качан.
+1
maku88
2017-05-20 15:01:13
aibars,интернет баракчадан толук информация ала албайт экенсин ошон учун жазгам Университетке барып сураганы азыр шарт жок мага окшогондор коп болушу керек
+2
aibars
2017-05-20 15:18:35
maku88 Жок дегенде аракет кылып эки кун тап, ага чейин тизме тузуп ал кайсы жакка бараарын жонундо. Манас Университетине отуп кетсен эн жакшы болот.
0
Fidel
2017-05-20 13:39:58
Жалкоолонбой... озуно керек болсо, Ар Бир Унвердин офиц.сайтына кирип кара, суперге жазганы башын жетет, Унвердин сайтына киргени башын жетпей атабы?! Конгон экенсинер жаштар бекер тамака, жалкоолонбой изде, тытын ошондо ийгилике жетесин! Тооба биздин убакта интернет эмес телефон жок эле, пешком акча жок ар бир Унверге кирип маалымат алып, анан тапшыргам!
+11
nurik903
2017-05-20 13:49:50
эврейлердин чыгарганын ушул инстаграм адамды бузат чынында жаш кыз балдар эмнелерди коруп жатат ичинен.
Аллах ыйман берсин кыргызыма.
+7
Shadykanov
2017-05-20 14:42:26
Негизи эле иниернет зыян адамдарды бузду чынында
+4
Patriot7
2017-05-20 15:54:41
Инстаграмды кобунесе мактанчаактар колдонот, конул чордонунда болууну каалагандар. Бул жакта да 2-3 адам баскан-турганынан тарта сурот жайгаштыра беришет, сурот жуктошпосо "ооруп" калышат. Инстаграмдын зыяны ошол, андай адамдар мактоого муктаж, эч ким конул бурбай койсо, мактабай койсо жашоосу токтоп кала тургансып... Анан эки жуздуулор, жарым жыналачтар учун жакшы инстаграм... Кыскасы ыймандуу, намыстуу кыз-жигиттерди инстаграмы жок эле жонокой болуусун каалар элем. Бул жеке оюм.
+10
kuba.kq8705
2017-05-20 17:51:33
Жалпы улуттук тест аркылуу отосун жожго туз эле тапшырганга не разрешает
0
admin_portal
2017-05-20 22:22:16
aibars, портал кыргыз тилинде богондуктан, кыргызча жазууну сунуштайм.
0
fanat_barsa
2017-05-21 01:50:45
Телефондун озу оруу болуп атпайбы.
0
pixduel1
2017-05-21 04:59:45
Инстаграм-дешевый понт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан