Стритбол боюнча Кыргыз курамасы Орусияда өткөн III Дүйнөлүк жаш мекендештер оюндарында 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн Баскетбол федерациясынан бүгүн, 20-майда кабарлашты.
"Тайпалык этапта курама 4 оюнда 4 жеңишке жеткен. Кыргыз командасы Орусияны 8:6, Испанияны 8:2, Монголияны 11:3, Беларусту 8:6 эсебинде утуп алган. Финалда Татарстанга 4:7 эсебинде утулуп калды", - деп жазылат маалыматта.
Стритбол - көчө баскетболу. Кадимки баскетбол оюнунан командадагы оюнчулардын саны менен айырмаланат. Командада болгону 3 оюнчу, алар оюн талаасынын жарымында ойношот.