Авариялык абалдагы бардык мектептердин ордуна тез арада жаңы мектептерди куруу тапшырмасы берилди

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 20-майда өлкөнүн билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кабыл алып, өлкөнүн жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан аймактардагы балдардын окуусун уюштуруу боюнча аткарылып жаткан иштер жөнүндө маалымат алды. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Жолугушууда окуучулардын жана мугалимдердин муктаждыктарына өзгөчө көңүл буруу менен жаратылыш кырсыктарынан жабыр тарткан аймактарда окуу жылын уюшкандык менен аяктоо үчүн бардык зарыл шарттардын түзүлүшү керектиги айтылганы маалым болду.

"Президент авариялык абалдагы бардык мектептердин ордуна тез арада жаңы мектептерди куруу иштерин баштоону, ошондой эле капиталдык оңдоодон өтө турган мектептердин санын көбөйтүүнү тапшырды. Мамлекет башчысы бул тизмеге Токмок шаарындагы №6-мектепти кошууну өтүндү", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nur_zhoni
2017-05-21 00:13:17
Биздин айылга да жаны мектеп салса жакшы болмок эле союз убагында ашар жолу менен салынган мектебибиз район боюнча эн эски мектеп биздин мектеп жылда эле ар жеринен жарака кетет
жамап окутуша берет мугалимдер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан