Кыргыз өлкөсүнүн жарандык авиациясын жакшыртуу максатында атайын жол карта иштелип чыкты

Кыргыз өлкөсүнүн жарандык авиациясын жакшыртуу максатында атайын жол карта иштелип чыкты. Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков ИКАО Эл аралык жарандык авиация уюмунун Кеңешинин президенти Олумуива Бенард Алиу менен жарандык авиацияны өнүктүрүү маселесин талкуулап жатканда айтылды.

Тараптар жарандык авиация системин жакшырту жана ИАКО эл аралык стандарттарын Кыргызга киргизүү тууралуу сүйлөшүшкөнү маалым болду.

"Өкмөт башчы өлкөдө жарандык авиацияны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын жана бул багытта Транспорт жана жолдор министрлигинин алдына бир катар тапшырмаларды койгонун билдирди. Учурда Өкмөттүн тапшырмасы менен Кыргыздын жарандык авиациясын жакшыртуу максатында атайын жол карта иштелип чыкты", - делет маалыматта.

ИКАО Кеңешинин президенти Олумуива Бенард Алиу, ИАКОНнун жалпы мүчөлөрү 191 мамлекет экенин жана Кыргыз уюмдун эң бир маанилүү мүчөлөрүнүн бири экендигин баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан