“Суперфутбол-2013” мелдешинде жеңишке жетүү үчүн "Актёрлор" командасы кызуу даярдык көрүүдө. Актёрлор бир гана сахнада же тасмада гана таланттуу эмес экенин көргөзүү максатында көк майсаң үстүндө машыгууларды өткөрүшүүдө. Айта кетсек, 13-майда команда капитаны, актёр Назым Мендебаиров өзүнүн командасындагы оюнчуларын чогултуп, кезектеги машыгуусун өткөрдү. Назым мырзанын айтуусу боюнча, актёрлорго атайын машыктыруучунун деле кереги жок экен.
“Бизге машыктыруучунун деле кереги жок. Анткени актёрлор өтө назик, сезимтал адамдар болгондуктан, аларга үйрөтүүнүн кажети жок. Бизди мактап, жактап турса, балдар, кыздарыбыз кайра-кайра атаандашынын дарбазасына топ киргизишет”,- деди Мендебаиров.
Айта кетсек, "Актёрлор" командасынын курамында Камчы Сарыбаев, Эркин Эгембердиев, Арнис Кыдыралиев жана кыздардын арасында “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “2012-жылдын Супер актрисасы” наамын алган Марал Койчукараева, Жанара Барманова жана башкалар бар. Эске салсак, "Супер-Инфо" гезитинин “Суперфутбол-2013” мелдеши 17-18-19-май күндөрү Бишкектеги "Дордой" спорт-комплексинде орун алмакчы.