Орусиялык каскадёр Lada унаасынан робот жасады

Каскадёр Геннадий Кочерга Сингапурда эс алуу учурунда уулу үчүн сатып алган робот оюнчуктан эргүү алып, ага окшогон робот жасоону чечип, кадимки Lada унаасынан робот жасаган.

Оптимус Геннадьевич Праймов деп аталган трансформер бир нече секундда унаадан эки оюнчук пулемёттуу роботко айланат. Каскадёр жасаган робот тышынан оюнчуктай укмуш көрүнбөйт. Бирок жаратуучусунун айтымында, тасмалардагы жана мультфильмдердеги трансформер аткарган трюктарды аткарат. Оптимус Геннадьевич көрүүчүлөргө Орёл шаарында көрсөтүлгөн.

Геннадий Кочерга келечекте дагы 2 робот жасоону пландап жатканын билдирип, кайсы үлгүдөгү унааларды колдонорун айткан эмес.

ВАЗ 2110 унаасынан трансформер "Оптимус Прайм" жасалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Tyty1990
2017-05-20 19:20:48
Русский трансформер
+2
TalaCSKA
2017-05-20 22:00:33
Военный иштерге колдонсо болчудай экен
0
butun.kg
2017-05-20 23:58:27
Молодец
+1
aravan.kg
2017-05-21 01:15:27
Ниетине жетсин
-1
solntse95
2017-05-21 05:48:03
Адам баласынын колунан эмнелер гана келбейт дейсин...
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан