АКШнын NASA улуттук космостук мекемеси Өзгөн районунун Курбу-Таш айылындагы жер көчкүнүн спутниктен тартылган сүрөтүн жарыялады. Сүрөт үстүбүздөгү жылдын 11-май күнү тартылган. Анда жер көчкүнүн чоңдугун жана жүрүү багытын көрө алабыз. Ошондой эле аталган мекеме жер көчкү жүргөнгө чейин, тактап айтканда, 25-апрелде тартылган сүрөттү дагы таратты.
Айта кетсек, Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда акырындык менен жылып келе жаткан жер көчкү 56 турак жайды басып калган. Жер көчкү астында калган социалдык мекемелерден 1 фельдшердик-акушердик бөлүм, 1 мечит, 35 электр мамысы, айыл көрүстөнү жана мектептин пайдубалы бар.