Кыргыз жеринде 2012-жылдан бери май айынын үчүнчү жекшембиси "Энелер күнү" катары белгиленип келет. Бул күн энелердин коомдогу ордун, статусун жогорулатып, энелерге көңүл бурууга арналган. Бул күндү утурлай SUPER.KG порталы шаар тургундарына кайрылып, алардын апаларына сюрприз тартуулашты. Анда шаар тургундары апасына телефон чалып, күтүлбөгөн жерден "Апа, мен сизди сүйөм! Мен сизди жакшы көрөм!" деп айтышат. Жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрдү уккан апалар эмне дешет аны шилтеме аркылуу кирип, сюжеттен көрөлү.