Севастополь шаарында өткөн "Победили вместе" фестивалында 2 кыргыз тасмасы байге алды

Севастополь шаарында өткөн XIII Эл аралык даректүү тасмалардын жана телепрограммалардын "Победили вместе" фестивалы өз ишин жыйынтыктады. Анда 2 кыргыз тасмасы байгеге татыды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы кинематография департаментинин расмий сайтында маалымдалат.
"Мыкты дебют" номинациясы боюнча Рысбай Садыков режиссёрлук кылган "Айтматовдун сабактары" тасмасы байге алса, Адилет Каржоевдин "Спасибо, доктор!" тасмасы "Даректүү тасмадагы гуманитардык миссия үчүн" басма сөз кызматынын атайын байгесине татыды", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, "Победили вместе" фестивалы 14-20-май күндөрү болуп өткөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
grace
2017-05-22 11:34:51
Азаматтар!
0
ekaterinburg
2017-05-22 12:09:04
Чонтокто акча толо же телефон толо)
0
pixduel1
2017-05-22 14:20:39
Сыйлык алды кыйратты дегенди эле угасын эмнеге корсотулбойт элге? Тамашоучулардын кинолорунан башка кино тартылабы озу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан