SUPER.KG порталына 22-майда Таластын Бакай-Ата райондук ооруканасынын кызматкери кайрылып, "оорукана жетекчилиги үйүӊөрдү бүгүн сөзсүз камсыздандыруудан өткөргүлө" деп талап кылып жатканын айткан эле.
Бакай-Ата райондук Жалпы дарылоо тажрыйбалык борборунун башчысы Жылдыз Токтосуновага (сүрөттө) кайрылдык. Мекеменин жетекчиси оорукана кызматкерлерин мажбурлабаганын, болгону үйлөрүн камсыздандырууну сунуштаганын айтууда.
"Оштогу табият кырсыктары үйлөрдү камсыздандыруу зарылдыгын көрсөтүүдө. Бул жаатта элге түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча өкмөттөн, министрликтен, облустук администрациядан жана акимчиликтен буйруктар келген. Ошондуктан оорукана кызматкерлерине "үйүӊөрдү камсыздандыруудан өткөрүп койгула" деп сунуштап жатам. Эч кандай мажбурлоо жок, кеп-кеӊеш иретинде айтып жатам. "Акчаӊар болсо бүгүн-эртеӊ камсыздандырып койгула" деп гана айткам. Эртеӊ эмне болуп кетерин эч кимибиз билбейбиз, камсыздандырып коюшса өздөрүнө эле жакшы да", - дейт Токтосунова.