Бүгүн, 14-майда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны башталды. Жыйынды ачып жатып президент Алмазбек Атамбаев Каржы министри Ольга Лаврованын бүгүн туулган күнү экенин айтып, куттуктап, гүл жана белек тапшырды. Айта кетсек, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин мурунку жыйыны 2013-жылдын январь айында болуп өткөн.