Арстанбап пансионатындагы ажатканалардын абалы начар деген билдирүү калп. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган пансионаттын жетекчиси Айнаш Алымкулова билдирди. Анын айтымында, кимдир бирөөлөр жараксыз деп эсептелинген эски ажаткананы сүрөткө тартып алган.
“Бизде ажатканалардын баары коттедждердин ичинде, сыртта жайгашканы жок. Силерге сүрөтүн жөнөткөнү мындан көп жыл мурун СССРдин учурунда эле жарактан чыгып жабылган", - деди Айнаш Алымкулова/
Эскерте кетсек, 19-майда окурман Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Арстанбап пансионатынын ажатканалары жараксыз абалда деп билдирген.