Бишкек-Чалдовар жолунда жүргүнчү ташуучу унаа оодарылып кетти. "Айдоочу түшкү намазга шашып бараткан"

Бүгүн, 22-май күнү саат 13:00 чамасында Бишкек-Чалдовар унаа жолунун Сокулук районуна караштуу Александровка айылында жүргүнчү ташуучу унаа кырсыкка кабылып, оодарылып кетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук Патрулдук милициясынын маалымат катчысы Тилек Исаев билдирди.

“Оодарылган унаанын айдоочусу өзү Бишкек-Ак-Суу (Беловодск) каттамында жүргүнчү ташып иштейт. Бирок бүгүн ал жумушка чыккан эмес экен. Ал өзү унаада жалгыз эле чыгыштан батышты көздөй баратып, алдындагы жүк ташуучу унааны сүзүп, андан өтүп барып оодарылып кеткен. Айдоочуга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, жаракаты анча оор эмес болгондуктан ооруканага жаткырылган эмес. Айтымында, түшкү намазга шашып баратып, катуу ылдамдыкта рулду башкара албай калган”, - деди Исаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nurik11-29
2017-05-22 16:27:47
жакшылака баратканды кудай сактайт)))омуру узун болсун!!
+10
Samash-87
2017-05-22 17:07:40
Намазга жетишпесе,жолго токтоп намазын окуп алып жолун улантса деле болмок.
+2
muslim87
2017-05-22 18:25:19
Ошон үчүн динибиз намазга эртерээк чыгып шашылбай жай барууну буйруйт экенда
+3
Zinazima
2017-05-23 19:34:41
Намазды шылтоо кылгандай эле сезилди тообо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан