Баткенде ууланган окуучулардын саны өстү, бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Баткенде ууланган окуучулардын саны өсүп, бири жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу Баткен облустук оорукананын жетекчиси Нурлан Салиев билдирди. Анын айтымында, 18-майда 7 окуучу ууланып түшкөндүн эртеси эле дагы 2 окуучу уулануу менен ооруканага жаткырылган. Учурда жандандыруу бөлүмүндө жаткан 1 окуучу кыздан башкасынын абалы жакшы болуп калганына байланыштуу үйлөрүнө чыгаруу пландалып жатат.

"Жандандыруу бөлүмүндө жаткан кыздын абалы өтө жаман эмес, басып кыймылдап жүрөт. Ал кыз мурда да ооруканага жаткырылган экен. Биз аны ууланып эмес, катуу чочугандан улам стресс болушу мүмкүн деп жатабыз. Анткени апасы жанында болсо, абалы начарлабайт. Түндө апасы жок уктай албай чыкты", - дейт Нурлан Салиев.

Эскерте кетсек, 18-майда Баткен облусунун “Бужум” мектебинин 7 окуучусу өрүк дарылоодо колдонула турган алтын күкүрткө ууланып, ооруканага түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан