СУПЕРСТАН: "Кыз кулагы менен сүйөт, андыктан комплименттерди жаадырып туруш керек"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздарды кантип сүйдүрүп алса болот?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Кыздарды каратып алуу үчүн төмөнкү 3 эрежени жадыңыздан чыгарбаңыз:

1. Ар дайым жылмайып жүрүшүңүз кажет (кыздар бар жерде);

2. Кыз менен баарлашканда уялбай, көзүнө тике караш керек;

3. Сүйлөгөн кебиңиз орчундуу болушу абзел. Мисалы, ар нерселерди айта бербеш керек, кыз сенден болочоктогу жолдошун көрө алуусу керек. Ушул эрежелерди аткаруу менен кыз сиздики болуп калат".

"Кыздарга "акылдуу" болумуш болуп, бир-эки сөздү жаттап айтып койсоң, "ии, акылдуу экен" деп өзүнөн кетип алышат. Ыймандуу болбосоң да, ыймандуу болумуш болуп, анча-мынча сөздүн арасында "ИншаАллах" деп кошуп сүйлөп кой, болду кыздар үчүн сенден өткөн ыймандуу бала жок. Кыздарга өзүнө ишенген балдар жагат. "Сен баары бир меники болосуң" жана башка ушул сыяктуу нерселерди айтып койсоң, калп эле чычалашат да, ичинен жымыӊдап сүйүнүп калышат. Кулагы менен сүйөт да байкуш кыз, комплименттерди калп эле болсо да жаадырып туруш керек. Бирок кечке эле айта берген болбойт, "эмне эле өзүнөн кетип жатат" деп сүйлөшпөй коёт".

"Ар дайым көйгөйлөрүн чечип берип, жакшы жерлерге алып барып, чогуу тамактанып, тийишкен балдардын моюнун кайрып, тойго барса кечинде үйүнө алып келип, эч качан колуңардын учун да тийгизбесеңер мына ошондо мыктылыкка кадам жасаган болосуңар".

"Студент кезимдеги бир көрүнүш эске түштү. Окуу жайда бир жигит бар эле. Абдан шок, орусча айтканда "шустрый" болчу. Кыздар "ал карышкырдын тырмагын алып жүрөт, "любой" кызды сүйдүрүп алат" деп айтып калышчу. Бирок чынында "сердцеед" жигит эле. Кебетеси укмуш деле эмес, анан эле кыздар курчап жүрүшчү. Азыр ойлосом кеп карышкырдын тырмагында эмес, өзүнүн харизмасында болсо керек".

"Башкаларды билбейм, мени кыздар көрсө эле сүйүп кала беришет. Таза, өзүңө тың болуп, жакшы жүрсөң баары сүйөт сени".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Ronaldo.99
2017-05-22 19:47:33
Нормально делай,нормально будет дейт го?
Орустар
Кулагыга лапшаны илуу керек жакшылап
+1
Tyty1990
2017-05-22 23:36:40
Азыркылар акчаңа көбүрөөк карашат. Менин адамдын көзүнө карап сүйлөмөй адат бар. Анан албетте таза тыкан жүрсөң жакшы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан