Улуу Британиянын Бридпорт шаарындагы үй-бүлө 4 күндө 6 уктоочу бөлмөсү бар үй курууга жетишкен. Бул тууралуу кечээ, 22-майда "The Independent" басылмасы жазып чыкты.
Ричард жана Никки аттуу түгөйлөр эки баласы менен Лондон шаарынан Дорсет аймагына көчүп келишкен. Бирок аталган жайда өздөрүнө жаккан үй таба алышпай, керектүү турак жайды өз колдору менен курууну чечишкен. Жалаӊ экологиялык таза курулуш материалдарын колдонууну пландап, көп акча коротпой кыска убакытта куруп бүтүүнү көздөшөт.
Маалыматтарга караганда, үйдүн эң негизги бөлүгү (сөөгү-каркасы) алдын ала даярдалган. Андыктан 4 күндө 3 кабаттуу үй жана чатыры орнотулган. Аталган жайдын айланасы токой менен курчалып, ал эми багында бассейн жайгашкан. Түгөйлөр жыйынтыгында турак жайга 1,5 миллиондон ашуун доллар коротушкан.