Орусиянын Иркутск шаарында 1995-жылы туулган Кыргыз жараны Рахман кызы Айзирек изделүүдө. Бул тууралуу Орусиянын ИИМинин Иркутск облусу боюнча башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 19-май күнү жергиликтүү полиция бөлүмүнө Рахман кызы Айзиректин дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшкөн. Кыз Иркутск шаарында Карл Либкнехт көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде жашаган.
"Бою 155-160 сантиметр, орто дене түзүлүштө, чачы кара, көзү кара. Ошол күнү көк түстөгү жоолук, жашыл түстөгү күрмө, күрмөнүн ичинен кара кофта, кара юбка, ак бут кийим кийип жүргөн"
Эгер Рахман кызы Айзиректи көрүп-билгендер болсо, (3952) 21-69-40, 89246387400, 21-64-64 же 02 телефон номурлары аркылуу "Иркутское" полиция бөлүмүнө кабарлап койсоңуздар.