22-майда Баткен облусунун Кадамжай аймактык ооруканасына бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү (атасы, апасы жана 3 баласы) тамакка ууланып жаткырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-майда эртең менен Кадамжай районунун Охна айылында жашаган аталган үй-бүлө тойго барып, ал жерден кайнатылган этти үйгө алып келишкен. Эт полиэтилен баштыгында сакталып турган. Кечинде үй-бүлө мүчөлөрү устукан деп алып келген этти жеп, эртеси 22-майда саат 06:00 чамасында ичтери ооруп куса башташкан. Саат 7:45 чамасында үй-бүлө аймактык ооруканага кайрылып, медициналык жардам сурашкан. Учурда алардын абалы канааттандырарлык.