ЖКда Кыргызстанга рулу оң жагындагы унааларды алып келүүгө тыюу салуу демилгеси көтөрүлүүдө

Учурда ЖКнын жыйындар залында "Автоунаа транспорту жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өтүп жатат. Аталган мыйзамдын долбоорунун авторлолру: ЖКнын депутаттары Абдырахман Маматалиев, Анвар Артыков, Нарынбек Молдобаев, Бакыт Төрөбаев, Туратбек Мадылбеков жана Алтынбек Сулаймановдор. Бул мыйзам долбоору өлкөдө автоунаа менен кызмат көрсөтүүдө жаралган көйгөйлөрдү жөнгө салат. Ошондой эле автоунаа жана шаардагы троллейбустук тейлөөлөргө тиешелүү маселелерди, жүргүнчүлөр менен жүктөрдү, автобустар, жеңил автомобилдер тууралуу маселелерди жана ушул тармакка тийиштүү бир топ орчундуу кырдаалдардын шарттарын аныктайт. Мындан сырткары рулу оң тарабындагы унаалар менен жүргүнчүлөрдү ташууга чек коюу жана 2013-жылдан тартып өлкөгө оң рулдуу автоунааларды алып келүүгө тыюу салуу керек деген пикирлер айтылууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан