Милиция: "Ноокендеги мушташта бычак сайылган төрт баланын абалы жакшы"

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда18-майга караган түнү болгон мушташта бычак сайылган төрт баланын абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда SUPER.KG'ге Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Самара Кыдырова билдирди.

Анын айтымында, мушташтан улам жабыр тарткандар 20 жана 23 жаштагы балдар. "Бычак сайып качып кетти" деп шектелген 22 жаштагы балага учурда издөө жарыяланган. Жабырлануучулардын абалы жакшы, алар оор жаракат алган эмес. Ошол күнү эле биринчи жардам көрсөтүлүп, үйлөрүнө чыгарылган. Ооруканага жаткырылган эмес. Бул иш облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин жеке көзөмөлүндө, учурда ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти милициядан.

Эскерте кетсек, 18-майга караган түнү Ноокен районунун тургуну төрт жердешин аш бычак менен сайып, окуя болгон жерден качып кеткен. 20-майда Ноокен РИИБинин имаратынын алдында 100дөй адам чогулуп, 4 баланы бычак менен сайып, качып кеткен адамды табууну талап кылышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
aikokul14
2017-05-23 11:15:47
"Туугандар"сайып кеткенго,жаман үйдүн коногу бийлейт болуп,жаман күйгүзүштү да ушулар.
+1
KGstan1981
2017-05-23 12:23:24
Супер Инфо бычак сайгандын аты жонун жана жабыр тарткандардын аты жонун тоолук жазып коюнуздарчы.Болбосо туугандар кыргыздарды бычактап коюшту деген создор чыгып кетип жатат.
0
admin_superstan
2017-05-23 12:50:01
KGstan1981, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
Ibragim.osh2016
2017-05-23 13:24:21
Ээх атаганат кыргызстанда ушундай бычакташуулар болуп жатабы кундо окуп чарчадым сайып кетиптир атып кетиптии
0
admin_superstan
2017-05-23 13:45:38
rabyiga, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан