Кыргыздын жаш, учурдагы популярдуу ырчыларынын катарын толуктап жаткан ырчы Асел Кадырбекова SUPER.KG'де бүгүн, 24-май күнү саат 15:00дөн баштап эки саат бою түз эфирде маек курат. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, ырчыга кызыктуу суроолоруңуздар болсо, узатсаңыздар болот.
Суроолорду шилтеме аркылуу "Суперстан" бөлүмүнө өтүп, бул жерге калтырыңыз. Ошондой эле WhatsApp аркылуу +996 557 47-39-39 номерине жибере аласыз. Белгилей кетчү жагдай, түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу да комментарий таштап, суроолорго жооп алсаңыздар болот.
Эсиңиздерде болсо, SUPER.KG'нин буга чейинки түз эфирлеринде ырчы Нурлан Насип жана Гүлжигит Сатыбеков 2 саат бою кызыктуу маек курушкан.