“Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегияны ишке ашпай, кагаз жүзүндө гана калат деген жетекчилер өздөрү жолдо калсын”. Бул тууралуу бүгүн, 14-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КРны туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча Улуттук кеңештин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев айтты. “Өкмөт, министрлер жыл сайын алмашып жатат. Минтип иштөөгө болбойт. Улуттук стратегияны иш жүзүнө ашыруубуз зарыл”,- деди өлкө башчы.