Азербайжандын Баку шаарында 22-май күнү Ислам тилектештик оюндарын жабылуу аземи орун алды. Анда тилектештик оюндарынын катышуучуларына театралдаштырылган шоу көргөзүлүп, эстрада жылдыздарынын концерти менен уланды. Иш-чара фейерверк менен аяктады.
Эске салсак, Ислам оюндары 12-майдан 22-май аралыгында өткөн, анда 57 өлкөдөн келген 3 миңден ашык спортчу 20 спорттун түрүндө медалдар үчүн күрөшкөн. Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн 70 спортчу катышып 17 медаль жеңген. Анын ичинен 4 алтын, 5 күмүш жана 8 коло медалдар. Жааттык эсепте Кыргыз өлкөсүнүн курамасы 10-орунду ээледи.