Кыргыз өлкөсүнүн карызы 4 миллиард 160 миллион АКШ долларга жетти

2017-жылдын 31-мартына карата Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 миллиард 160 миллион 83 миң АКШ долларын (285 миллиард 461 миллион 89 миң сомду) түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул сумманын 3 миллиард 803 миллион 97 миң АКШ доллары тышкы карыз. Ал эми 356 миллион 86 миң АКШ доллары мамлекеттин ички карызынын көлөмү.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын 31-декабрына карата өлкөнүн мамлекеттик карызынын өлчөмү 4 миллиард 105,44 миллион АКШ долларын (284 миллиард 220,13 миллион сомду) түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
patrol-kg
2017-05-23 13:43:50
Жете турган жерине жетип калыптырго.
+7
altyn7776
2017-05-23 13:59:28
Азыр Кыргызстанда озу 4,5 миллион адам жашаса жашайт, калганы Чет жакта...ошондо ар бир ымыркайдан бери 1000 доллардан карыз болуп калыппыз да! Ырдай гой АША
+12
mirkaa5182
2017-05-23 13:59:43
Ушуну акча өз жолу менен колдонгондо Кыргызстан качан эле оңолуп кетет эле, ойлонуш керек урматтуу чоңдор...
+9
dirol
2017-05-23 14:07:46
Ушунча карызы туруп дагы ак уйго миндеген акчага кресло,парда кондиционер алышканыга олоюнбу ХХХ
+10
admin_superstan
2017-05-23 16:45:43
dirol, этика нормаларын сактаңыз.
0
mirbaiza
2017-05-23 14:13:12
Атамбаевге рахмат.
+4
eduardali
2017-05-23 14:42:34
Атамбай эмнесинен кыжаалат болом төлөйт болбосо эл өзү төлөтүп алат аташкадан.
+1
sultan89
2017-05-23 14:47:37
Сат сат сат сат,
Сааааааааат.
+5
raykray
2017-05-23 15:19:39
о боже, Кыргызстан жок болотко кантип толойт??? кантип??? биздин балдар жашоосу кимдерге кул болуп тот??? ойлонобу кудай урган чондор?!!!
+5
nemo2016
2017-05-23 16:26:08
шайлоодо сдкпанын адамдарын шайлагыла карыздар мн онугобуз кыргызстан сдпк мн бирге барабыз анан баткакга батабыз
+4
ilgizk
2017-05-23 17:21:23
Аша мулти миллионер го төлөсүн ошо
+4
Zamir0811
2017-05-23 17:36:16
Уч айда 55 миллион долларга карыз кобойуптур,окмот "жакшы" иштеп атыптыр
+2
Altyn2017
2017-05-23 17:48:34
Бакиев иштеп турганда алда качан кутулдук эле карыздан ал карыз албай кайра толоп аткан болчу карыздарды мына Ашанын иштегени
+4
akil.91
2017-05-23 21:08:38
Altyn2017, чын эле ошентип ойлойсунбу?
-1
kenjebek_a
2017-05-23 18:02:30
Дагы АШАнын партиясын Кыргызстан партиясын кемине республиканы шайлаш керек.Корбогондун коргону курусун деп ушуну айтат.Бул кечээки жаны байлар ушуну кылат.40байталдын карызы карызы эмес кыргызга.Бул 3 партия же тойбогон же койбогондор. Иштегени Онугуу партиясындай иштеп эле жатат берген убадаларын аткарып.Эми ажыдардын башын чаппасан бекер дегендей СДПКнын тамырын кесмейин олконун абалы оор.АШАны жок кылыш керек АШАны. СДПКны туп тамыры менен жулуп алыш керек.
+4
Daniel01
2017-05-23 21:55:08
кыргызстандын кен байлыктары коп олко бир кун келип ошол карыз берген чет мамлекеттер кыргызтаныбызды басып албаса эле болгону
0
Daniel01
2017-05-23 22:00:39
обычно кредит алсан деле уй жайынды залоко койбосон кредит беришпейт ...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан