Алмамбет Шыкмаматов: “Премьер-министр президенттикке талапкер боло турганын ачык жарыялагандан кийин кызматтан кетүүсү керек”

“Премьер-министр президенттикке талапкер боло турганын ачык жарыялагандан кийин кызматтан кетүүсү керек”, - деп бүгүн, 23-майда "Ата Мекен" фракциясынын лидеринин милдетин аткаруучу Алмамбет Шыкмаматов парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, учурдагы мыйзамда премьер-министр президенттикке талапкер катары катталгандан кийин гана кызматтан кетет деп жазылган. “Юстиция министрлиги ушул боюнча өзгөртүү киргизүү нормасын алып келбейт белеңер. Премьер-министр каттоодон 3 айдан кийин өтөт. Ошол убакытка чейин өкмөт башчысына атаандаштарына тоскоолдук жаратууга мүмкүнчүлүктөрү болот. Чет мамлекеттерде премьер-министр ачык президенттикке талапкер болом деп маалымат жыйын берсе дагы кызматтан четтетилиши керек”, - деди депутат.

Юстиция министринин орун басары Махамаджан Иминов бул сунуш кызыктуу экенин айтып, бирок бир сыйра карап чыгуу керек экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан