Кара-Кулжа районунун 20 жаштагы тургуну "Сибирь жарасына чалдыккан" деп шектелүүдө

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун 1993-жылы туулган Б. аттуу тургуну "Сибирь язвасына чалдыккан" деп шектелүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Света Байтикова билдирди. Маалым болгондой, 28-апрель күнү аталган райондун 12дей тургуну белгилүү себептер менен жылкы союшкан. Көп өтпөй мал союуга катышкан бир бала алсырап, оор абалда аймактык ооруканага кайрылган. Аны дарыгерлер текшеришип, алдын ала байкалган белгилер боюнча аны "Сибирь жарасына чалдыккан" деп болжолдошууда. Айтылгандай, союлган малдын эти 82 кишиге таратылып берилген. Алардын ооруга чалдыгып калбасы үчүн аймактагы дарыгерлер профилактикалык дарылоо иштерин жүргүзүп жатат. Ооруканага кайрылган жаран боюнча учурда текшерүү иштери жүрүп жатканы айтылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан