Депутат “Президенттик администрация Жогорку Кеңештин иш башкармалыгына ижара акысын төлөш керек” деген пикирде

“Президенттик администрация Жогорку Кеңештин иш башкармалыгына ижара акысын төлөш керек”, - деп бүгүн, 23-майда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоев билдирди.

Анын айтымында, Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин имараты президенттик администрациясынын балансында болгондуктан ижара акысы төлөнөт. “Министрлик ижара акысын төлөп жатса, анда президенттик администрация Жогорку Кеңештин иш башкармалыгына төлөсүн. Негизи парламент менен бирге башка администрация отурбаш керек”, - деген оюн айтты Бокоев.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев депутат кызыктай маселени көтөрүп жатканын айтты. “Мамлекеттик мекемелер мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштеш керек. 2010-жылга чейин парламент кайсы жерде отурду эле? Мынча териштирсеңиз, ким кимге ижара акысын төлөш керек экенин билип алсаңыз”, - деп жооп берди Абдылдаев.

Мындан тышкары президенттин өкүлү аталган министрлик ижара акысын төлөйт деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

Айта кетсек, комитеттин жыйынында Жогорку Кеңештин администрациялык имаратына жайгашкан уюмдардын иши жана алардын менчиктери жөнүндө Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын отчёту каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан