“Республика - Ата Журт” фракциясы бардык артыкчылыктардан баш тартабыз деп демилгелеп, аны депутаттар колдоп берген. Бирок бүгүнкү күндө көптөр кызматтык автоунаа минип жүрөт го”, - деп бүгүн, 23-майда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында “Бир бол” фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев айтты.
КСДП фракциясынын депутаты Асел Кодуранова билдиргендей, Жогорку Кеңештин төрагасына, анын эки орун басарына жана депутат Дастан Бекешевге гана кызматтык унаалар берилген. Ошондой эле ар бир фракцияга бирден автоунаа каралганын баса белгиледи.
Аталган комитеттин жыйынында Жогорку Кеңештин администрациялык имаратына жайгашкан уюмдардын иши жана алардын менчиктери жөнүндө Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын отчёту каралды.