Талас. Калинин-Бакай-Ата унаа жолундагы автокырсыктан 9 жаштагы өспүрүм каза тапты

10-май күнү Калинин-Бакай-Ата унаа жолунда автокырсык болуп, 1 адам көз жумду.

Талас ОИИБи маалымдагандай, Бакай-Ата районунун Ынтымак айылынын тургуну Советбек Нокоев мас абалында Ниссан-Алмеро унаасы менен жолдо бара жаткан 2004-жылы туулган өспүрүмдү сүзүп кеткен. Натыйжада жабырлануучу денесинен алган жаракаты менен Бакай-Ата аймактык ооруканасына жеткирилген.

Жол кырсыгы боюнча тийиштүү материалдар толугу менен чогултулуп, азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.   

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан