SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Окуучулук күндөрдөн бир элес" деген тема талкууга алынган.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Мектепте окуп жүргөндө биздин классташ кыздарыбыз баштыктарына алма, момпосуйларды салып келишчү, биз болсо кээде тартып алып жеп койчубуз. Бир күнү классташ кызым болгондо да кышында баштыгына чоң, кыпкызыл алма салып келген экен. Тентек досубуз бар, ошол билгизбей алып коюптур да. Орус тилден эки сабак катары менен болчу, 1-сабак бүтүп танаписке чыгып баратып, досум баягы алманы эжекенин столуна коюп чыгып кетиптир. Эшикке чыкканда досум "балдар, жүргүлө "прикол" көрсөтөм" деп алманы кайсы жерге койгонун айтты. Акырын терезеден карасак, эжейибиз эки жагын карап коюп баягы алманы алып жеп жатат. Экинчи сабакка ошол эле эжекеге кайра кирдик. Биз киргенче алмасын жоготкон кыз "алмамды ким уурдады?" деп тополоң салып жатыптыр. Биз эжейге тийишип, "ким жеген болсо доскага чыксын" десек, кыздардан бирөөсү "уурдап жеген аш болбойт" дейт. Ошентип ар ким ар нерсени айтып, эжей аябай уят болгон".
"Ошол күндөрдү сагындым. Үйдөн "мектепке кеттим" деп чыгып, досум экөөбүз троллейбуска түшүп башынан аягына чейин барып, ойноп жүрө берет элек. Андан тажаганда 12 кабаттуу үйгө кирип алып, лифтке түшүп чыгып ойночубуз. Бир күнү электр жарыгы өчүп калып, лифтте 1 саат камалып калып ыйлаганбыз. Ошондон кийин сабактан качпай, жакшы окуп калгам. Үйдөгүлөр да билип калып, аябай урушкан".
"4-класста болсо керек, классташ кызды жактырып калдым. Ага кандай айтарымды билбей тийише берчүмүн. Бир күнү башка класска барып окуп калдык, орун жетпегенине байланыштуу акыркы партага экөөбүз чогуу отуруп калдык. Бир маалда ал жооп бергени ордунан турганда, адатымча тийишем деп стулду артка тартып койдум. Мына көрө бер жаңжалды, эжейден уруш укканымды, уялганымды айт. Сүйүү эмес, таш балакет да жок, кайра жаман көрүп калган".
"Окуучулук күндөр эстен кеткис. Кичинекей кезимде аябай тентек кыз элем. Кыздарды уруштуруп коюп, өзүм турникке отуруп алып карап турчумун. Ак көйнөк кийип келген балдардын көйнөгүнө помада сүйкөп ойночумун. Кийин сабактан качып жүрүп эле окуучулук күндөрүм өтүп кетиптир".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.