Дональд Трамптын президенттер менен Кыргыз өлкөсүнүн желегинин жанында түшкөн сүрөттөрү талкууга алынды

АКШнын президенти Дональд Трамптын Сауд Арабияда өткөн саммитте катышуучу-өлкөлөрдүн президенттери менен Кыргыз Республикасынын желегинин жанында түшкөн сүрөттөрү интернетте талкууга алынды.

Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарында өткөн "АКШ - Ислам дүйнөсү" аттуу саммитте Дональд Трамп Казакстандын лидери Нурсултан Назарбаев, Өзбекстандын башчысы Шавкат Мирзийоев жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолуккан.

Интернет колдонуучулар Назарбаев менен Трамптын Кыргыз туусу даана көрүнгөн сүрөтүн жүктөп, "Жолугушуу орду - кооз желек" деп жазышууда. Ошондой эле алар Кыргыз желегинин алдындагы Мирзийоев менен Трамптын сүрөтүндө Өзбекстандын маалымат кызматы желекти өчүрүп койгонун белгилешти. "Өзбекстандын маалымат каражаттары Мирзийоев менен Трамптын түшкөн сүрөтүндө артында турган Кыргыз желегин фотошоп менен алып салган. Ал эми Назарбаев менен Рахмондун басма сөз кызматтары муну ойлонбоптур", - деп жазышат интернет колдонуучулар.

Айта кетсек, аталган саммитке Кыргыз Республикасынын атынан биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
aliya-leyla
2017-05-23 19:19:34
Чындыгында кооз туу да
+7
karash-99
2017-05-23 19:42:26
ушу теманы кече тундосу турк теле каналдары да айтып атышат эле кайра кайра коргозушуп
+8
Asan123
2017-05-23 20:04:41
Биздин артист корунбойтго сурото
+15
scorp
2017-05-23 20:13:51
Asan123,Биздин артист гастрольдоп журот жаны ырларынын бет ачарын кылып
+10
scorp
2017-05-23 20:06:48
Кыргызым бул дагы бир белги, келечекте Кыргызстаныбыз онугуп осуп кыргыз жерибизге коптогон мамлекеттердин ажолору ашык болушат жана Кыргызстан дуйноону башкарган мамлекет болот буйруса...
+15
alhamdu
2017-05-23 20:43:26
scorp,оозуна май,айтканын келсин,Иншааллах!!!
+11
bosmos777
2017-05-23 21:49:20
scorp,Жакшылыкка жооруп койолу ! Азаматсыз! Бул да! Жон белги эмес. Манас атабыз колдосун!
+3
Firdaus-Muslim
2017-05-23 20:13:17
Кыргызстандын туусун дүйнө жүзү көрөт экенда. Жакшы көрүнүш мага аябай жакты. Бирок биздин президент барбай калганы анча ...
+7
Edik_86
2017-05-23 20:19:18
трамп назарбаев мн тушкон бир фотосунда бугайт этип алганго э
+6
Mers124
2017-05-23 20:55:08
Трампка жолугуп азаттыкты шыбайм деп атпады беле, Атамбаев
+3
kenjebek_a
2017-05-23 21:36:44
АША ыр жаздырып клип тарттырып журот колу бошобой.Клибинде дагы орустар журот деги эмне болгон бул ..... ...ка.Тероризм менен курош жонундо соз болуп жатса барбай ыр жаздырып олтурса жетишкенбиз да.
+4
gulperi.kg
2017-05-23 21:49:13
Президентти тентушунардай жаман тергепсинерго.Президентибиз эле деп эч сыйлаган адам жок.Анан онугобу Кыргызстан.Озу ушундай мерез королбастыгыбыздын айынан журобуз да темселеп ар мамлекетте.Дагы кыйраткансып тергеп коюшат уялбай Аша дешип.Кайсы акыбалынарга тергейсинер дейм да.Ошол Атамбаевдин даражасына жетип алсанар биринчи .
-1
Attila88
2017-05-23 23:04:35
gulperi.kg,Президентин мамлекетти эмне кылтат.сокурлар да кортат ко.же сен уйдон чыкпай телефон астында жатасынбы.
+5
bekov01
2017-05-23 23:47:38
Аша азаттыкты болушунча шыбап алып еми трамптан коркуп барбай койгонго барсам жыртат твдан еле карап турайын деп
+1
Blackmoon
2017-05-23 23:49:42
[moderated] [moderated]ыгын кылат да
0
Derzki_kyrgyz
2017-05-23 23:58:09
Тууга медаль бериш керек)))
-2
butun.kg
2017-05-24 01:17:22
Аша. Айчурок эже. Анжелика. Биригип кино тартсанар.
+5
Soni130587
2017-05-24 03:24:44
Жакшы селфи кылышыптыр биздин туунун алдында
+1
barsa30
2017-05-24 04:22:51
Кыргыз желегин АКШнын желег.н жанына коюптур ошон үчүн дүйнө көрүп кызыгып жатса керекда.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан