КРны туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча Улуттук кеңештин бүгүнкү жыйынында 4 маселе каралат

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 14-майда башталган Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйынында өлкөдө таза шайлоолорду өткөрүү маселеси каралат. Муну менен катар аталган стратегияны ишке ашыруу боюнча 4 айдын ичинде жасалган иштер боюнча өкмөттүн маалыматы угулат. Бул боюнча өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевдин маалыматы угулмакчы. Ошондой эле стратегияга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү, тактап айтканда түндүк менен түштүктү бириктирген альтернативдүү унаа жолу тууралуу сөз болот. Бул маселе тууралуу Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов баяндама жасайт. Ар түрдүү маселелер да жыйындын күн тартибинде турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан