КҮНСЕРЕП: Өкмөт менен депутаттарды элдик курултай тескей алабы?

Бүгүн, 23-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бишкекте Кожомкул атындагы спорт сарайында бүгүн туруктуу элдик кеңеши уюштурган элдик курултай өттү. Буга чейин бул иш-чара Бишкекте 28-апрелде өткөрүлүп, анын жыйынтыгында жер-жерлерде да курултайларды өткөрүп, эл арасынан лидерлерди шайлоо сунушу кабыл алынган. 17-майда аймактарда мекенчил күчтөрдү бириктирүү, Бишкекте өтчү курултайга делегаттарды шайлоо, өлкөдөгү кырдаалды талкуулоо жана ар кандай маселелерди камтыган жыйындар өткөн. Бүгүн ошол өлкөнүн жети дубанынан шайланып келген делегаттар Бишкекке чогулушту. Курултайдын жобосунда Жогорку Кеңештин депутаттары жана президент жыл сайын элдик курултайдын делегаттарына отчёт берип туруусу каралган. Эгерде институттун жалпы делегаттары отчётту “канааттандырарлык эмес” деп тапкан болсо президент отставкага кетип, Жогорку Кеңеш таркатылат. Уюштуруу тобунун башчысы Азимбек Бекназаров элдин атынан айтылган ой-пикирди Жогорку Кеңеш кабыл алып, курултайдын институт катары кабылдануусун колдоп береби деген суроону койду. Бул жыйын дагы бийликтин "обончу" аялдарысыз өтпөдү. "Элдин баарына сөз бербедиңер", - деген кепти шылтоолоп Бекназаровду каргап, ызы-чуу чыгарганга жетишкен аялдар да болду. Буларга курултайды үзгүлтүккө учуратуу максатын көздөп жиберилген чагымчылдар деп баа беришти. Курултайга Роза Отунбаева, Турсунбек Акун, Медеткан Шеримкулов, Шамшыбек Медетбеков, Равшан Жээнбеков өңдүү саясатчылар катышышты. Экс-президент Роза Отунбаева "элдик курултай азыркы кырдаалда керек, эл менен бийликтин ортосундагы чоң ажырымды ушул курултай жөнгө салат", - деп белгиледи. Отунбаевадай тажрыйбалуу саясатчы бул өңдүү жыйындар Акаевдин деле, Бакиевдин деле тушунда кыйраткан жыйынтыкка жетип, элдин чыныгы турмушун көрбөй-билбей калган бийликти ойготуп жибербегенин, албетте, билсе керек. 2005-жылдагы, андан кийинки 2010-жылдагы революцияларга активдүү катышкан саясатчы Роза Отунбаева элдин үмүтү акталбаганын, революциялардын максаты ишке ашпаганын моюнга алды. Бүгүн элдик курултай чогулткан оппозиция Баш мыйзамдын 52-беренесинин, 2-бөлүгүндөгү "жарандар мамлекеттик маанидеги маселелер боюнча элдик курултай өткөрүп, кабыл алынган чечимди тиешелүү органдарга жибергенге укуктуу", - деп көрсөтүлгөн механизмди ишке киргизүүнү талап кылышты. Эгер эл добуш берип, шайлап Жогорку Кеңешке жиберген эл өкүлдөрү өз милдеттерин тиешелүү деңгээлде аткарышса, анда бийликти мамлекеттик органдарды көзөмөлгө алуунун башка жолун издөө муктаждыгы жаралмак эмес. Тилекке каршы, учурдагы парламент партиялардын жеке кызыкчылыгын гана коргоп, бийлик чийип берген чийинден чыкпай калды. Учурдагы депутаттык корпустун басымдуу бөлүгүн кызматтык унаа, айлыктары, батирлери жана мамлекеттин эсебинен чет өлкөлөргө "командировка" аталышындагы саякаттары боюнча маселелер гана кыймылга келтире алат. Курултайдын негизги маселеси эми ушул жобону депутаттарга жеткирүү...

Бишкектин көчөлөрүн оңдоодо жол коопсуздугу камсыз кылынбагандыгы үчүн унаасынын дөңгөлөгү жарылган Бишкектин тургуну мэрияга 3 жолу арыз жазган соң чыгымын өндүрүп алды. Окуя 10-март күнү болгон. Бишкектин Бакытбек Абдуллаев аттуу тургуну Панфилов көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып, жолго ташталган көлөмдүү таштардын айынан дөңгөлөгү жарылып, жараксыз абалга келген. Айдоочунун айтымында, ошол учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы аталган көчөгө унаа токтотуучу жай салып жатканда жол чекесин ушундай баш аламан абалда таштап койгон. Ошондой эле жол жээгине оңдоп-түзөө же курулуш иштери жүрүп жаткандыгын билдирген жол белгилери коюлбаганын, ал тургай түнкүсүн жарыктандырылбаганын айткан. Аталган жаран арыз менен кайрылгандан тартып 3 ай бою өз укугун талашып жүрүп акыры кетирген чыгымын, 2300 сом өлчөмүндө өндүрүп алганын жарыялады. Кыргыздын ар бир жараны ушул азаматтай өз укугун акырына чейин коргосо, анда мамлекет элге келтирилип жаткан чыгымдардын баарын төлөп берип турууга аргасыз болмок. 2300 сомдор чогулуп отуруп миллиондорго чыкмак. Натыйжада мамлекеттик мекемелер, ишканалар таза жана так иштөөгө мажбур болмок. Анткени ар бир айдоочу унаа айдап, жолдорду пайдалангандыгы үчүн жыл сайын салык төлөйт. Мындан тышкары Ош-Бишкек жолунан өткөн ар бир айдоочу жолду пайдалангандыгы үчүн акча төлөп өтүшөт, ар бир каттамында. Бул төлөмдөр кантип чогултулуп, канча суммада, эмне иштерге коротулуп жатканы белгисиз. Анткени тыкыр көзөмөл жок. Транспорт жана жолдор министрлиги аталган посттордон түшкөн каражат жолдорду оңдоп-түзөөгө жумшалат деген баш-аягы туңгуюк маалымат менен гана чектелип келет. 19-майда “Элдик кабарга” жүргүнчү Төө-Ашуудагы тоннелде жарык жок, вентиляция иштебей турганын айтып кабар жөнөттү. Мындай маселелер өтө көп. Суу транспортуна муктаждык жок, темир жол тармагы кыйрап, банкрот абалына келип калган, аба каттамы катардагы жарандар үчүн дале кымбат болуп жаткан Кыргыз жеринде негизги жүк автомагистралдарга түшөт. Демек, өлкө жетекчилиги калкты жакшы жол менен камсыз кылуусу шарт...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан