Света Байтикова: “Cузакта ууланып өлгөн койлор адам өмүрүнө зыян келтирген жок”

“Cузакта ууланып өлгөн койлор адам өмүрүнө коркунуч алып келген жок. Алар атайын жерге көмүлдү. Анын этин жеген же ууланган адамдар болгон эмес. Аймактагы дарыгерлер тобу айылдын тургундарын текшерүүдөн өткөрүштү. Баары таза экен. Бирок азыр деле профилактикалык иштер жүрүп жатат. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Света Байтикова бүгүн, 14-майда билдирди. Айта кетсек, 12-майда Жалал-Абад облусунун Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Ат-Чабар айылында уулуу заттар көмүлгөн аймактан оттогон 131 кой ууланып өлгөн. Маалыматка таянсак, Ат-Чабар айылындагы аталган аймакка 1980-жылдары 170 тоннадай уулуу заттардын калдыктары көмүлгөн. Ал жер атайын тосулбагандыктан, алюминий идиштерди (фляга) алуу максатында белгисиз жарандар тарабынан мурда казылгандыгы айтылды.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан