АКШнын биринчи айымы Меланья Трамптын күйөөсү Дональд Трамптын колун кагып салганы кызуу талкуунун башталышына себепчи болду.
Кечээ, 23-майда интернетке жарыяланган видеодо Римге конгон учактан түшүп келе жаткан Дональд Трамп аялына колун сунганы, бирок ал анын сунушун байкамаксан болуп, чачын сылап киргени көрсөтүлөт.
Буга чейин да 22-май күнү Израилдин Тель-Авив шаарына болгон сапарда кызыл килем үстүндө бара жатканда Меланья күйөөсүнүн колун кармоодон баш тартканы кадрга түшүп, дүйнөлүк басылмаларга таркап кеткен.
Римдеги учактан түшүп келе жаткандагы видеону көрүү үчүн шилтеме.
Тель-Авив шаарындагы кызыл килемде болгон видеону көрүү үчүн шилтеме.