"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "19-майда Бишкек-Ош жолундагы тоннелдин 11 вентиляторунун үчөө иштеп жаткан"

Окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө Бишкек-Ош жолундагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелде 19-май күнү вентиляция иштебей турганын билдирген.

Бишкек-Ош унаа жолунун мамлекеттик дирекциясы бул боюнча төмөндөгүчө жооп берди.

"19-майда Бишкек-Ош унаа жолунун 113-чакырымында Кара-Балта-Суусамыр электр берүү линиясы саат 07:00дөн 20:00гө чейин бузулуп, иштебей турган. Мындан улам ал күнү электр энергиясын берүү токтотулуп, анын ордуна дизелдик генератор колдонулган. Бул генератордун күчү тоннелди жарыктандырып, ал жердеги 11 вентилятордун үчөөсүн иштетүүгө жетет. Ошол күнү тоннелдин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн иштеп жатышты. Эгерде тоннелдин газга толушу нормадан ашып кетсе, тоннель жабылмак", - дешти алар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ekaterinburg
2017-05-24 12:07:01
Вентилятор мейли,жолчу?Жол?Тоннельдин ичиндеги жол!Качан ондолот?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан