Бүгүн, 24-майда парламентте КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев улуттук оюндар боюнча мелдештердин календарын түзүүнү сунуштады.
“Мелдеш качан, кайсы жакта өтө турганын камтыган календарь түзүү керек. Ошол эле учурда турнир өтүп жаткан жерде мейманканалар барбы, баасы канча деген маалыматты сайттарга орус жана англис тилинде жайгаштыруу кажет. Чет мамлекеттин жарандары кыргыз элинин кызыктуу, жакшы оюндары бар экенин дайыма айтышат. Бирок каякта өтөт, качан өтөт мейманканалардын баасы канча сом экенин билишпейт”, - деди ал.
Жыйында “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралды. Анда мыйзамга “спорттун улуттук түрлөрү” жана “салттуу оюндар” түшүнүктөрүн киргизүү каралган. Бул Кыргыз элинин улуттук спортунун түрлөрүн жана салттуу оюндарын сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган.