Депутат социалдык объекттерди куруу иши кечиктирилип жатканын айтты

Бүгүн, 24-майда Жогорку Кеңеште “Бир Бол” фракциясынын депутаты Улугбек Ормонов социалдык объекттерди куруу иши качан баштала турганын сурады.

Каржы министри Адылбек Касымалиев жакынкы күндөрү социалдык объектерди куруу тизмеси бекитиле турганын айтты. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин берген билдирүүсүнө ылайык каржылана турганын кошумчалады.

Ормонов министрдин жообуна канааттанбаганын айтты. “Жогорку Кеңеш 2017-жылдын бюджетин 2016-жылы кабыл алган. 6 айдан бери титулдук баракты беките албай эмне кылып жүрөсүңөр, качан жолдорду, мектептерди куруп баштайсыңар”, - деди.

Мындан тышкары депутат кырсык болгон жерлерге канча суммадагы ссуда берилгенин сурады.

Касымалиевдин айтымында, бир жылга 450 миллион сом каралган. Ал 300 миллион сом берилгенин билдирди. Май айына карата 100 миллион сом бериле турганын кошумчалап, июнь айына 50 миллион сом карала турганын белгиледи.

Парламентте Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин учурдагы аткарылышы каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан