Депутат Чоң-Алайдагы кырсыктан жабыркагандарга айлык акысын, пенсиясын бир нече айдыкын алдын ала төлөөнү сунуштады

Бүгүн, 24-майда парламентте эркин депутат Жанар Акаев Чоң-Алай районунда болгон кырсыктан жабыркагандарга айлыгын, пенсиясын бир нече айдыкын алдын ала төлөп берүүнү сунуштады.

“Чоң-Алайда 537 үй жарактан чыкты. Жабыркагандар суук түшкөнчө үйлөрүн салып алышы керек. Жолугушууда көйгөйдү чечүүнүн жолдорун айтышты. Алар айлык акыларын, пенсияларын бир нече айдыкын алдын ала төлөп берүүнү суранып жатышат."Төлөп берсеңер үйлөрдү тез арада салып бүтүрмөкпүз" дешти. Ошондой эле жогорку окуу жайларда балдары контракттык негизде окугандары бар экен. Контрактты бир жылдан кийин төлөөнү суранып жатышат”, - деди ал.

Каржы министри Адылбек Касымалиев өкмөт бул көйгөйдү чечүү маселесин карап жатканын билдирди. “Турак жайларды камсыздандыруу мыйзамы күчүнө киргенден бери ссуда бергенге биздин мүмкүнчүлүгүбүз жок. Жабыркагандарга жардам берүү маселеси өкмөттө каралып жатат. Ал эми пенсияны бир нече айдыкын төлөп берүү боюнча жооп бере албайм. Социалдык фонд жооп берсин”, - деди министр.

Эске салсак, парламентте Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджеттин учурдагы аткарылышы каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
banditka
2017-05-24 12:11:28
Жанар сиз Азаматсыз. Эл учун иштеп жатасыз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан