Бишкекте алдоо жолу менен адамдардан акча өндүрүп жүргөн айым кармалды
Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБи тарабынан 14-ноябрь күнү адамдардын ишенимине кирип, акча чогултуп жүргөн жана мурун соттолгон 1981-жылы туулган А.Нурзада кармалды. Бул айымдын үстүнөн үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында 5 арыз келип түшкөн. Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы маалымдагандай, арыз ээлеринен жалпысынан 30 500 сом жана 600 АКШ долларын алып, кайтарып берген эмес.