Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-майда КМШ өлкөлөрүнүн коопсуздук органдары жана атайын кызматтарынын жетекчилерин кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.
Жолугушууда мамлекет башчы коопсуздукту камсыздоо жаатында иш алып барган жетекчилерге ыраазычылык билдирди.
Президент Алмазбек Атамбаев атайын кызматтардын биргелешип иш алып баруусунан КМШга мүчө мамлекеттердин коопсуздугу, туруктуулук көз каранды экенин белгиледи. Бирге иш алып баруу менен гана азыркы коркунучтар жана чакырыктарга каршы эффективдүү күрөш жүргүзсө болорун кошумчалады.
Ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтары жана коопсуздук органдарынын жетекчилер кеңешинин жыйынын ийгиликтүү өткөрүп алууну айтты.