Парламентте кворум чогулбай мыйзам долбоорлоруна добуш берүү эртеңкиге жылдырылды

Бүгүн, 24-майда парламентте кворум чогулбай мыйзам долбоорлоруна добуш берүү эртеңкиге жылдырылды. Каттоодон 53 депутат өткөн. Күн тартибинде 8 маселе каралды.

“Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу”, “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, "Улуттук илимдер академиясы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорлору каралды. Ошондой "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Жазык-процесстик кодекске, Кылмыш-жаза кодексине) мыйзам долбоору боюнча кайталап добуш берилмек. Мындан тышкары бүгүн Каржы министрлигинин Кыргыз Республикасынын 2017-жылга республикалык бюджетинин учурдагы аткарылышы маалыматы угулду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан