SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үй-бүлөдөгү казан-аяк кагышуудагы кызыктар" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Орусияда иштечүбүз. Анда кош бойлуу болгондуктан үйдө отуруп калдым. Күйөөмдүн дос баласы берки бөлмөдө жашайт, ашкана, тамак-ашыбыз бир. Күйөөм аябай кызганчаак. Бир күнү УЗИге бара жатсам, жолдошум жумушунан чалып, "эркек десе кайра чал, кыз десе чалбай эле кой" дейт. Барып текшерилдим, кыз, ден соолугу чың экен. Ошонусуна ыраазы болуп эле кайра чалдым. "Ден соолугу чың болсо, анда жакшы экен. Эми сары кыз төрөбөсөң Ысык-Көлүңө кете бересиң" дейт. Өзү Оштон да. Ал сары, мен кара торумун. "Мага окшош болуп, кара тору болсочу?" десем, "аныңды билбейм" деп коёт. Тиги досу да кара эле, эми кара төрөсөм өлдүм, соо эмессиң дейби деп, Кудайдан суранып "сары кыз бере көр" деп жүрүп төрөдүм. Бала бир айдай кара көрүнөт экен, андан кийин эле сары кыз болуп чыга келди. Атасынын көчүрмөсү, баары "кичинекей Самат" дешет, кайненеме да окшош. Эми "менин кызым" деп кызына сөз тийгизбейт".
"Бир күнү жолдошум үйгө келбей калды. Эки жыл жашап, мындай болгон эмес эле. Чалсам "мына бара жатам" деп эле телефону өчүп калды. Мен чындыгында кызганган жокмун "эмне болду экен" деп, аябай кабатыр болдум. Эртеси күнү эртең менен келди, кызуу экен. Уктап жаткам, бирөө эле "Жибек" деп кыйкырат. Туруп эле балконду карасам, күйөөм. Үйгө алып кирдим. Кирип эле төшөккө жатып алды. Жиним аябай келип, "каякта жүрөсүң?" десем, "азыр, мен уктап алайын, анан сүйлөшөбүз" дейт. Мен болбой ары өтүп сүйлөнүп, бери өтүп сүйлөнүп уктаткан жокмун. Ал болсо "болду, болду" дейт, мен "болбойм" дейм. Анан туруп эле ыргыта түртсө болобу. Жиним келип, мен да аны түртүп жибердим. Жини келип кетти окшойт, бир маалда сүлгүнү колуна ороп алып урса болобу. Ыйлап отуруп калдым, ал уктап калды. Кечке маал туруп, ары-бери болуп таарынычымды жазды. Анан "эмнеге сүлгүнү ороп алдың?" десем, "катуу тийбесин, көгөрбөсүн дедим" дейт".
"Күйөөм мас келди. Мен болсо баламды ээрчитип алып эжемдин үйүнө кетип калдым. Үйүндө чай ичип отурсак, балта көтөрүп келип, теректерди чаап кирди. Коркуп кетип, балам экөөбүз чыгданда жашынып калдык. "Чыкпасаң кетпейм" деп бакырып жатат. Бир маалда "терезелерди сындырам" деди эле, балам экөөбүз кантип атып чыкканыбызды билбейм. Ошентип астына салып алып кеткен. Эртеси эжем "терезеден карасам, баш кийимиңер кыйшайып кетип бара жаткан экенсиңер, күлө берип чарчадым" деген эле".
"Кечээ күйөөм менен инисинин кесепетинен катуу урушуп, "кетем" деп кийимдеримди жыйнап, баламды кийинтейин десем бербейт. "Өзүң жалгыз келгенсиң үйүндөн, өзүң кетесиң" деп такыр болбойт. Бир сааттай баланы талаштык, акыры "балаң менен эмне кылсаң, ошо кыл" деп кетип бара жатсам, баласыз кете албайт деп ойлогон окшойт, кечирим сурап баштады. "Алтын шакек алып берсең кечирем" деп убакыттан пайдаланып дароо айтып, калып калдым, бирок алып бере элек".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.