Бишкек шаарынын Кайыңды калктуу конушунда жергиликтүү жашоочулар газ менен камсыз болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда Бишкек шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Жашоочуларга газ берүү салтанатына Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков жергиликтүү жашоочулар катышты. Мында миңден ашуун жашоочулар газ колдонууга мүмкүнчүлүк алышты. Аткарылган жалпы иштин суммасы 16,8 миллион сом болгон. Газ түтүктөрү 6 чакырым аралыкка чейин тартылган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, буга чейин 2017-жылдын 12-апрелинде Свердлов районунда 1600 жашоочу газ колдонуу мүмкүнчүлүгүн алышкан.