Бүгүн, 24-майда Бишкекте коопсуз шаарды талап кылган жарандар тобу демилгелеген "Жол коопсуздугунун инфраструктурасы" аталышындагы көчмө - конференция өттү. Катышуучулар жол кырсыгына себепкер болушу мүмкүн делген 7 жерди атайын даярдалган автобус менен кыдырышты. Иш-чаранын алкагында жол кырсыктарын алдын алуу жана кооптуу жерлердеги кемчиликтер талкууланды. Уюштуруучулар көрсөткүсү келген кооптуу эсептелинген жерлердин бир гана Шабдан баатыр жана Чүй көчөсүнүн кесилишине токтоп катышуучуларга жеринен таанышууга мүмкүнчүлүк болду. Себеби калган жерлерде токтогонго жол эрежеси боюнча мүмкүнчүлүк түзүлбөптүр. Башка жерлерде иш-чаранын катышуучулары автобустун терезеси аркылуу гана таанышышты.
Көчмө жыйынга Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев, Патрулдук милиция кызматынын башчысы Эркин Баев, Коопсуздук кеңешинин инспектору Тимур Ташкулов, Бишкек шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова, Шаардык транспорт башкармалыгынын башчысы Болот Мамышев, "Бишкек жүргүнчүлөр транспорттук мекемесинин" башчысы Бакыт Темикеев жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Уюштуруучулардын бири Мирсулжан Намазалы учурда шаар ичинде унаа айдоо коркунучтуу болуп калгандыгын айтты.
“Биз бүгүнкү көчмө-конференцияны бийлик өкүлдөрүнө да коомчулукка да түшүнүктүү болсун деп атайын ушундай форматта уюштурдук. Учурдагы биздин жолдордун абалы кандай, кантип чечсе болот деген суроолорду көтөргүбүз келген. Биз эми маселени көтөрүп чыктык натыйжасы жакшы болот деп үмүт кылып жатабыз”, - дейт Мирсулжан Намазалы.
Эртең менен 09:00дө башталган иш-чара саат 12:00дө аяктады. Катышуучулар Манас жана Чүй көчөлөрүнүн кесилиши, Жибек Жолу жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилиши, Шабдан баатыр жана Чүй көчөлөрүнүн кесилиши, Шабдан баатыр Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги көпүрөнүн айланасы, Юнусалиев менен Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилиши, Байтик баатыр жана Саманчин көчөлөрүнүн кесилиши жана Кулатов менен Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болушту.