Гонконгдогу "кутуча" үйлөр

Сиз жашаган аймакта турак жай үчүн ижара кымбат деп ойлойсузбу? Аянты 1,7 чарчы метр болгон турак үйгө 21 миң сом төлөөгө макулсузбу?

Гонконгдо 2012-жылдан бери кыймылсыз мүлккө болгон баа 50 пайызга жогорулаган. Андыктан "кутуча" үйлөр пайда болгон. 1,7 чарчы метрге уктоочу бөлмөнү, ашкананы кантип батырышарын көрүңүз.

"Кутуча" үйдө жашагандар үчүн аянты 11 чарчы метр болгон үй сарайдай көрүнөт. Андай үйгө 2 кабат керебет, диван, муздаткыч, кир жуугуч жана кичинекей стол батат. Ээси айына 39 миң сомдой каражат төлөйт. Өзү нан заводунда иштеп, айына 87 миң сомдой табат.

Өзүңүз көргөндөй адам баарына көнөт. Социалдык кызматкерлердин айтымында, "кутуча" үйлөр алардын жашоочуларына бир топ психикалык көйгөйлөрдү жаратат. Андыктан тургундарды эртерээк көчүрүү зарыл экенин билгилешет кызматкерлер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
surgeon777
2017-05-24 18:28:51
Уух...Журогум кысылып кетти карап туруп,кантип жашашат десен ..Жаратканга шугур,бейиштин торундо жашайбыз:жер кенен,суу молтур,абасы таза...
+20
bema10
2017-05-24 18:30:33
Кудайга мин-мертебе шугур, Кыргызстанда торолгонум учун!
+11
mirbek2211
2017-05-24 18:31:05
Ана сага Гонконг. Батир Москвада кымбат десе....
+8
grace
2017-05-24 18:56:22
Кудайым эле сактасын, кытайлар бизге кирип кеткенден!Татыктуу президент шайлап алалы, антпесе карыздардын коркуп турабыз...
+6
Ulan2601
2017-05-24 19:22:29
Гектарлаган огородторубуз бар кудайга шугур кылып эле жашайлы
+3
Drongo
2017-05-24 19:32:46
Бул суроттордо жакшыраак жагы гана корсотулгон.Мындан начар жашагандары бар.Уйлордун болмолорун тор клеткаларга болуп койгон,кадимки зоопарктагы клеткалардай,айырмасы жок.Акчасы аз адамдар ошол тор клеткаларда жашашат акча толоп,Беш этаждын ичинде эле миллиондогон клеткалар бар.. Кызмат боюнча Гонконгдо жургондо коргом,жашоолору ото аянычтуу.Кудайга шугур,Кыргызстан туболук ойдо.
+7
munduz2016
2017-05-24 19:35:53
жашоо эмес(((
+2
Jazdyn_tany
2017-05-24 20:00:44
Мен 3-х комнатный квартирада жалгыз жашайм. Кыргыз жеринин кеңдигине шүгүр!
-10
Nuura-shirin
2017-05-24 20:07:14
Кудай сактаа
+2
Seryi-Kardinal
2017-05-24 20:34:56
Азыраак көбөйбөйсүңөрбү анан
+5
elmurat.kg
2017-05-25 00:38:17
келемиштей кобойсунор анан...мышыктай торосонор ошода...эхх кыргызстан соонун жайлоодо жамбаштап природадан эс алганга не жетсин
+3
Sveta23
2017-05-25 07:57:32
Кыргызстаным сөздүн асылын жазсам да аздык кылат.
+2
Leilektik
2017-05-25 17:03:05
Баарын жашооно ыраазы болуп кеттинерго а?онуккон олко еле дейсинер анан онуккон олколордогу жашоону коруп кыргызстаным деп каласынар ,биздин Кыргызстан керемет жер айыл жерде, ак емгек, таза абада ,еч кандай зыянсыз момо жемиш жеп ,тууган урук менен сый мамиледе жашаганга не жетсин айыл жерде кимдин мусурдан тамак чукулап жегенин кордунор шугур шугур шугур баарына
+1
remi.005
2017-05-25 17:04:43
Кудайга мин мертебе шугур,биздин Кыргызстан жаннат..
+1
tular
2017-05-25 17:55:39
Буларда рождаемость ото жогору да. Ошол себептен конституциясына бир жыныстуу нике киргизиле баштады.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан