Мыктыбек Абдылдаев: "Шайлоодогу негизги маселе - добуштарды саноо"

Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында бүгүн, 14-апрелде Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча Улуттук кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Ага аталган кеңештин төрагасы, президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев, төрага Асылбек Жээнбеков, парламенттеги фракциялардын лидерлери, министрлер жана башкалар катышууда. Учурда өлкөдө таза шайлоо өткөрүү маселеси талкууланып жатат. Шайлоодогу негизги маселелердин бири кантип добуш берүү эмес, добуштарды саноо экендигин "ата журтчу" депутат Мыктыбек Абдылдаев айтты. “10 киши отуруп алып, добуштарды саноону бурмалап жатышат. Негизги маселе болгон ушул добуштарды саноого чоң көңүл буруубуз зарыл”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан